Бишкекте «Кыргызстан-Катар» беттешине карата фан-зона уюштурулат

14:12, 10 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн 10-октябрда Катар жана Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин көрүүгө Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы эски аянтта фан-зона уюштурулат. Бул тууралуу Кыргыз футболунун союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз курамасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында сапарын улантат. Бул фан-зона биздин улуттук курама командабызды биримдик жана ынтымак атмосферасында колдоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Иш-чара улуттук эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтүп, Мирбек Атабеков жана JAX талантын тартуулашат.