Кытайда бокс боюнча мелдеште кыргызстандыктар жети медалга ээ болушту

13:30, 10 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Маалыматка ылайык, Анвар Ходжиев, Санжар Сейдакматов жана Алмаз Орозбаев өз салмак категорияларында алтын медалга ээ болушту.
Ал эми коло медалды Ислам Төрөбаев (57 кг чейин), Мирзахид Имамназаров (63,5 кг чейин), Сагын Сатыбалды уулу (80 кг чейин) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг чейин) алышты.