ЖК Жогорку Соттун төрагасын кызматтан алууга макул болду

11:29, 10 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Жогорку соттун төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу маселесин кароо боюнча биринчи карап берүүнү өтүндү.

Ал кошумчалагандай, Замирбек Базарбеков кызматынан өз каалоосу менен кетип жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Замирбек Базарбековдун арызын канааттандырышты.

Судьялар кеңеши буга чейин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун өз арызы боюнча кызматтан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызын карап, канааттандырган.

Белгилей кетсек, 2016-2020-жылдары Замирбек Базарбеков Садыр Жапаровдун адвокаты болгон.