10-октябрга карата аба ырайы

19:10, 09 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй облусутарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4...+9, күндүз +15...+20

Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11°, күндүз +25...+27° жылуу болот.