Бишкектин айрым аймактарында газ 9-11-октябрда убактылуу өчүрүлөт

17:46, 09 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 9-11-октябрь күндөрү бир катар көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, Абай, Горький, Панфилов, Кулатов, Каракульская, Медеров жана Ашхабад көчөлөрүндө көгүлтүр от болбойт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Ишканадан белгилешкендей, оңдоо жумуштары алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.