01:07
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Химия боюнча Нобель сыйлыгы АКШ менен Улуу Британиянын 3 окумуштуусуна ыйгарылды

Химия боюнча быйылкы Нобель сыйлыгынын лауреаттары «укмуштуудай белок структураларынын кодун талкалашкан» окумуштуулар Дэвид Бейкер, Демис Хассабис жана Джон М.Жампер татыктуу болду. Аларга эсептөөчү протеинди долбоорлоо жана структурасын болжолдоо 5.4. экендигин аныктагандыгы үчүн ыйгарылган. Бул тууралуу Нобель комитетинин сайтында маалымдалды.

Стокгольмдогу Швециянын Падышалык Илимдер Академиясы химия боюнча 2024-жылдагы Нобель сыйлыгын үч изилдөөчү алганын жарыялады. Алар АКШдан биохимик жана эсептөө биологу Дэвид Бейкер, невролог Демис Хассабис жана Улуу Британиядан Джон М.Жампер болуп калды.

Химия боюнча Нобель сыйлыгы — химия тармагындагы көрүнүктүү жетишкендиктер үчүн жыл сайын берилүүчү эң абройлуу эл аралык сыйлыктардын бири. Бул сыйлыкты 19-кылымдын аягында швед химиги, инженери жана динамитин ойлоп табуучусу Альфред Нобель башка категориялар менен бирге негиздеген. Алгач физиология же медицина, физика, адабият жана тынчтык сыйлыгы болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар