14:21, 09 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Инвесторлор борбор калаага метро курууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Депутат Эльдар Абакиров Ош жана Бишкек шаарларынын калкы тездик менен өсүп жатат. Борбор калаада жашоочулардын саны 2 миллиондон ашты, ошондуктан метро курууну баштоо керектигин белгиледи.
«Кийинки жума күнү жыйын болот. Метро куруу үчүн бизге инвесторлор кайрылып жатышат. Алар өз сунуштарын айтышат. Биз карап чыгабыз, эгер алар кабыл алынса, анда биз баштоого даярбыз», — деди мэр.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев дагы инвесторлордун каражатына Бишкекке метро курууну сунуштаган.