Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев ЖК депутаттарынан кечирим сурады

13:16, 09 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаев депутаттардан кечирим сурады.

Эскерте кетсек, эл өкүлдөрү Мамлекеттик курулуш комитетинин жетекчилигинин жыйындарына көңүл бурбай жатканына нааразылыгын билдиришкен. Эл өкүлү Марат Мураталиев дагы департаменттин директорунун орун басары Таласта курулуп жаткан ооруканага кирбөөнү суранганын белгиледи.

Нурдан Орунтаевдин айтымында, эл өкүлүн Таластагы ооруканалардын биринде интернеттен көрүп, орун басарына телефон чалган.

«Эмне үчүн депутаттар биздин кызматкерлердин коштоосу жок объекте кыдырып жүрүшөт. Биз жеринде маалымат беришибиз керек да деген жөн гана сүйлөшүү болгон. Түшүнбөстүк үчүн өзүмдүн жана Мамкурулуштун атынан кечирим сурайм. Эгер дагы бир жакка бара турган болсоңуз, телефон аркылуу кабарлаңыз», — деди ал.

Депутат Кундузбек Сулайманов парламентарийлер Мамлекеттик курулуш комитетине билдирбестен өз районундагы объектилерди текшерүүгө укуктуу деп жооп берди.

Спикер Нурланбек Шакиев Нурдан Орунтаевдин мындай жообу үчүн катуу урушуп, катуу сын айтты.

«Бүгүнкү жыйынга да келбей, өзгөчөлөнүп, чакыртылып келесиз. Жөн жүрүңүз, депутаттарга акыл үйрөтпөй. Ар бир бийликтин тушунда сиздей болгон «эрке» баласы болгон, алар эмне болгонун көрдүк. Эркелебей жөн жүрүңүз. Кыргызда сөз бар, «эркелесең эркеле, бирок чолчоңдобо» деген, чолчоңдобой жүрүңүз",-деди Шакиев.