ЖК төрагасы Акылбек Жапаровдон кол алдындагыларды тартипке салууга чакырды

11:49, 09 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүн, 9-октябрындагы жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон кол алдындагы кызматкерлерди тартипке салууга чакырды.

Эске сала кетсек, депутаттар Мамлекеттик курулуш комитетинин жетекчилигине эл депутаттарынын жыйындарына көңүл бурбай жатканына нааразы болушкан. Ошондой эле, эл өкүлү Марат Мураталиев департаменттин директорунун орун басары Таласта курулуп жаткан ооруканага киргизбөөнү суранганын белгиледи.

«Мындай терс көрүнүштөр чындап эле болуп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Урматтуу министрлер кабинетинин мүчөлөрү, буга көңүл буруңуздар. Кээде айрым тартипсиз кызматкерлердин айынан Министрлер кабинети менен парламенттин ортосундагы мамиле бузулуп калат. Бакыт Эргешович, Акылбек Үсөнбекович, сиз министрлер кабинетинин мүчөлөрүн тартипке чакырышыңыз керек. Эгер андай кылбасаңар, Жогорку Кеңештин аларды жазалоого укугу да, күчү да бар. Ошондуктан аларга эскертүү бергиле», — деди Нурланбек Шакиев.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Германиядагы иш сапарына байланыштуу жыйынга катышпай жатат. Анын ордуна анын орун басары Бакыт Төрөбаев катышууда. Ал белгилегендей, депутат Марат Мураталиев жарыялаган факты боюнча соттук териштирүү башталды.