17:54
USD 86.80
EUR 91.71
RUB 0.87

Мамкурулуш ЖК депутатын Таластагы ооруканага киргизбөөнү айткан

Курулуш иштери боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин депутатын Таласта курулуп жаткан ооруканага киргизбөөнү айткан. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда парламент жалпы жыйынында эл депутаты Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында Көпүрө Базар айылына барып, саламаттыкты сактоо министри менен жергиликтүү медициналык мекемеде болду.

«Жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен ооруканага бардык. Биз объектинин жанында турдук. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Мамкурулуштун орун басары мага телефон чалып, эмнеге бардыңар, эмнеге келдиңер деп сураган. Бийлик аларды киргизбегиле деп айткан имиш. Министрлер кабинетинин буйругу менен гана кирсин. Бул маселени чечип бериңизчи. Биз, депутаттар каалаган жерде эл менен жолугууга укугубуз бар», — дейт Марат Мураталиев.

Эл депутаты Дастан Жумабеков Мамлекеттик курулуш комитетинин директорунун орун басары бул аракеттери менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин бузгандыгын белгиледи. Нормада текшерүүчү депутаттар объекттерге ээн-эркин кирип, мыйзамдарды жана чечимдерди ишке ашыруу боюнча жетекчилер көрүп жаткан чаралар менен таанышууга укуктуу деп жазылган.

Мамкурулуштун жетекчилеринин кылык-жоруктарына эл депутаты Эрулан Кокулов да нааразы болду. Анын айтымында, анын жыйындарына бөлүмдүн кызматкерлеринен эч ким келбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар