Бишкекте Көлбаев көчөсүндөгү унаа кыймылына жарым-жартылай чектөө киргизилет

16:52, 08 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Борбор калаанын Көлбаев көчөсүндө унаа кыймылына жарым-жартылай чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коому келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жылуулук жана ысык суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында жылуулук тармагынын Көлбаев жана Луганская көчөлөрү менен Кажысай туюк көчөсү ортосундагы тилкеде оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Оңдоо иштерине байланыштуу Көлбаев көчөсүндө унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет.

«Бишкекжылуулуктармагы» ААКсы айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, зарыл болгон оңдоо иштеринин натыйжасында келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Белгилей кетсек, 18-октябрга жолдун бузулган бөлүгүнүн асфальт катмарын калыбына келтирүү иштерин толугу менен бүтүрүү пландалууда.