Быйыл Кыргызстанга 6,1 миллион турист келген

16:37, 08 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте өткөн саякаттарды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынында Экономика министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев жыл башынан берки тармактын жыйынтыгы менен тааныштырды.

Анын айтымында, 2024-жылдын биринчи жарымында туризм тармагына байланыштуу катталган субъектилердин саны 135,8 миң бирдикке көбөйгөн. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырсак бул көрсөткүч 123,1 миң болгон.

Максат Усубалиев ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сегиз айында Кыргызстанга чек ара бекеттери аркылуу 6 миллион 143 миң чет элдик жаран келгенин айтты. Өткөн жылдын ичинде бул көрсөткүч жалпысынан 8,5 миллионго жакын адамды түзгөн.

Эске сала кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2023-жылы өлкөгө келгендердин саны 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге өсүп, 2,8 миллион адамды түзгөн.