11:40, 08 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында 30-сентябрдан 6-октябрга чейин жол инспекторлору мас абалындагы 28 айдоочуну кармашкан. Бул тууралуу Шаардык милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан ушул жумада 6 миң 751 жол эрежесин бузуу катталды:
28 айдоочу мас абалында унаа башкарган;
230 унааны каттоо тартибин бузуу;
Тиешелүү документтери жок унаа айдаган 98 айдоочуга айып салынган;
4 миң 479 жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;
Уруксатсыз унаасын караңгылаткан 7 айдоочуга айып салынды;
1 миң 40 мотоциклдин каскасын жана коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузуу;
Башка жол эрежесин бузган 869 айдоочуга айып салынган.
Бишкек шаардык кайгуул кызматы белгилегендей, 30-сентябрдан 6-октябрга чейин 996 автотранспорт камоого коюлган.