БШК шайлоо бюллетендерин басып чыгарууга дээрлик 20 миллион сом коротот

10:20, 08 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди басып чыгарууга дээрлик 20 миллион сом коротот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы суммасы 19 миллион 684 миң 500 сомдук 5,5 миң струйный үч түстүү картридждерди жана бюллетендерди басып чыгаруу үчүн кагаз түрмөктөрүн сатып алууга тендер жарыялаган.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү бюллетендери мурда жасалгандай «Учкун» мамлекеттик басмаканасында борборлоштурулуп даярдалбайт. Алар шайлоочу идентификациялоо процедурасын аяктагандан кийин түздөн-түз шайлоо участкаларында басылып чыгат.

Буга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 495 миллион 718,4 миң сомдук сметаны бекиткен.

Белгилей кетсек, 6-сентябрда президенттин «Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы чыккан. 484 жергиликтүү кеңеш таркалууга тийиш. 249 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо (тизме шилтемеде) 17-ноябрга белгиленди.