Жети айда Орусиядан Кыргызстанга 1,5 миллиард доллардан ашык акча которулган

10:04, 08 октября 2024, Бишкек - 24.kg

2024-жылдын январынан июлуна чейин Орусиядан Кыргызстанга 1 миллиард 552,3 миллион доллар которулган. Мындай маалыматты Улуттук банк билдирет.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Орусия Федерациясынан акча которуулар 90,2 миллион долларга өскөндүгү такталды.

Бул аралыкта Кыргыз Республикасынан Россияга 236,3 миллион доллар которулган, бул 2023-жылдын январынан июлуна чейинки көрсөткүчтөн 26,5 миллион долларга аз.