8-октябрга карата аба ырайы

19:30, 07 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет билдиргендей, 8-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25

Талас өрөөнүндөтүнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +17...+22

Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +17...+22

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсун +8...+10°, күндүз+23...+25° жылуу болот.