Юстиция министри: Жакшы адистер мамлекеттик кызматка сынактан өткүсү келбейт

13:35, 07 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жакшы адистер мамлекеттик кызматка ат салышкысы келбейт. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Юстиция министрлигинин башчысы «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүн жана «Эл үмүтү» президенттик стипендиясы боюнча билим алган чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик кадрдык резервге конкурссуз киргизүүнү караган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, өлкө үчүн зарыл деп эсептейт.

«Мамлекеттик кызматка кирүү биз үчүн кыйын. Эмне үчүн чиновниктердин арасында БААУ же башка чет элдик университеттердин бүтүрүүчүлөрү жок? Анткени алар квалификациялык сынактан өтүүнү каалашпайт. «Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик кызматка дароо киришпей, конкурссуз кадрдык резервге алынат. Андан кийин министрликтер анын университетти кантип бүтүргөнүн, ылайыктуубу деген маселени карашат. Жогорку Кеңештин аппаратында, президенттик аппаратта, бөлүмдөрдүн басма сөз катчылары кызматка сынаксыз тандалып алынат. Жакшы пресс-катчылар сынактан өткүсү келбейт», — дейт Аяз Баетов.

Буга жооп катары Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин аппаратындагы кадрлардын деңгээли ушундан улам төмөн экенин айтты.

«Алар парламенттик аппаратка кантип кирип жатканын айтсам, ким, кантип келип жатканын таң каласың. Биз адамды интеллектине эмес, байланышына карап баалайбыз», — дейт Дастан Бекешев.

Буга чейин депутат «Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик кызматка сынаксыз алынганына каршы чыккан.