Бишкекте автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден кызды сүзүп кетти

12:41, 07 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте автобус жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден кызды сүзүп кетти. Социалдык тармактарда кырсыктан кийинки видео пайда болду. Кадрдан Чүй проспектисинде турган автобусту жана жөө адамдар өтүүчү жерден алыс эмес жерде жаткан кызды көрүүгө болот.

24.kg агенттигинин кабарчысына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиргендей, жол кырсыгы бүгүн, 7-октябрда саат 9.00дөр чамасында Чүй проспектисинде болгон.

18 жаштагы кызды түштүктөн түндүккө карай зебрадан өтүп бара жатып, автобус сүзүп кеткен. Жабырлануучуну тез жардам кызматкерлери оор жаракат менен алып кетишкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, анын кабыргалары сынып, ички органдары катуу жабыркаган жана көп кан жоготкон. Автобустун айдоочусун укук коргоо кызматкерлери алып кетишти, ал эми унаа айып жайга киргизилди.