11:34, 07 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке медициналык клиникаларда иштөөгө тыюу салууну айтып чыкты. Ал тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде сунуштады
Эл депутаты «Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.
«Буга орто звенодогу дарыгерлер кирбейт. Биз мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин жоопкерчилигин карап жатабыз. Алар өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарып, жеке клиникаларда параллель иштебеши керек. Аларга институтту өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, анын ичинде жеке кызыкчылыктарды көздөөгө эч нерсе тоскоол болбошу керек», — дейт Айсулуу Мамашова.
Депутат Айбек Маткеримов бул тизмеге мамлекеттик ооруканалардын бөлүм башчыларын кошууну өтүндү.