Сариев Кыргыз -Украин ишкерлеринин ортосунда кызматташуу түзүүнү сунуштады

10:56, 07 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Украинанын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту.

Фото Соода-өнөр жай палатасы

Маалым болгондой, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигинин ортосунда онлайн-конференция уюштуруу сунушталды. Тараптар бизнес-планды талкуулап, өкмөттөр аралык мамилелердин деңгээлине чыгуу перспективасы менен ишкерлердин жолугушуусун уюштурууну пландаштырууда.

Валерий Жовтенко ошондой эле Украина санариптештирүү боюнча Европада үчүнчү орунда турганын айтып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун бүтүрүү анын мамлекети үчүн маанилүү экенин белгиледи.