Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылды. Эми дагы бир бөлүгү жабылат

18:19, 04 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 4-октябрда Жибек Жолу проспектисинин түндүк тарабы Абдрахманов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин ачылды.

Ошол эле учурда Жибек Жолу проспектисинин түштүк тарабы Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин жабылды.