Баткенде алтын кени мамлекетке кайтарылды. Көлбаевдин кылмыш тобун каржылаган

17:58, 04 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда алтын кени мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору билдирди.

УКМК басма сөз кызматы

«Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылоо фактылары боюнча катталган кылмыш ишинин материалдарынын негизинде тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында «Апрелское АЗИ» алтын кени боюнча Баткен облусу Жаратылыш ресурстар министрлигинин балансына өттү», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жалпы запасы 10 тонна алтын жана 15 тонна күмүш экенин белгиледи. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кендин базар баасы 50 миллион доллардан ашат.