Кыргыз бийлиги атомдук электр станциясын курууга жер издеп жатат

16:23, 04 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 4-октябрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев «Росатом» компаниясынын Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу долбоорунун жүрүшүнө токтолду.

Ал айтымында, АЭС эң эффективдүү болуп, коңшу мамлекеттер бул багытта активдүү иш алып барышат. Казакстанда 6-октябрда атомдук электр станциясын куруу мүмкүнчүлүгү боюнча референдум өтөт.

«Өткөн жылы биз «Росатом» менен меморандум түзгөнбүз. Бул жерге атомдук электр станциясын курабыз десе, анда коомчулук даяр болушу керек. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ноябрда журналисттер менен Түркияга экскурсия болот. Алар Аккую атомдук станциясын көрсөткүсү келет. Учурда жер тилкесин да тандап жатабыз. Агрегаттарды муздатуу үчүн суусу бар жер керек», — дейт Таалайбек Ибраев.

Долбоор беш-алты жылга ишке ашырылат.

Өткөн жылы «Росатом» Россия Федерациясынын чегинен тышкары биринчи чакан атомдук электр станциясын курууну пландап жатканы белгилүү болгон. «Атомэнергопромдун» жылдык отчетуна ылайык, «Росатом» 2023-жылдын башында Кыргыз Республикасы жана Мьянма үчүн чакан атомдук электр станциясынын алдын ала техникалык-экономикалык баалоо (алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме) боюнча бардык пландаштырылган иштерди бүтүрөт деп күтүлүүдө.