Таласта перинаталдык борбордун курулушу башталды

15:44, 04 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Таласта облустук бириккен оорукананын базасында перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы 63 орундуу перинаталдык бөлүмдүн курулушунун негизги максаты Талас облусунун аялдарынын жана балдардын эл аралык стандарттарга багытталган сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу болуп саналат.

Жаңы перинаталдык имарат 24 айдын ичинде курулуп, учурдагы төрөт үйүнүн бир бөлүгү болуп калат.

Бул өзгөчө коркунучтуу кош бойлуу аялдарга жана ара төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн деңгээлин бир топ жакшыртат деп белгиледи ведомство.

Долбоор курулуштан тышкары, медициналык персоналдын кадрдык потенциалын чыңдоону, кош бойлуу аялдарга жана тобокел тобундагы жаңы төрөлгөн балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууну, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына инновациялык чечимдерди киргизүүнү камтыйт.

Имарат эки кабаттуу болот. Биринчи кабатта кабыл алуу жана төрөт бөлүмү, операциялык бөлүм жана көмөкчү бөлмөлөр болот. Экинчи кабатта реанимация жана реанимациядан кийинки бөлүмдөр, ошондой эле башка көмөкчү жайлар жайгашкан.

Долбоор Германия өкмөтүнүн жана Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) каржылык колдоосу менен «Эне жана баланын ден соолугун коргоо» программасынын IX этабынын алкагында ишке ашырылууда.