Ош шаарында мектеп окуучулары үчүн бекер автобустар ишке кирди

15:17, 04 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында мэрдин тапшырмасы менен мектеп окуучулары үчүн бекер автобустар ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алар күнүнө үч жолу: эртең менен, түшкү жана кечинде жолго чыгышат. Учурда беш каттамда автобус жүрөт. Маршруттук багыттарды муниципалитеттин социалдык тармактардагы баракчасынан тапса болот.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев белгилегендей, акыркы убакта мэрияга балдардын транспортсуз калганы боюнча көптөгөн даттануулар түшүп жатат.

«Биз азыр беш автобусту ишке киргиздик, мектеп окуучулары үчүн дагы төрт троллейбусту линияга киргизүүнү пландап жатабыз. Алар студенттерди бекер ташышат», — деди вице-мэр.