Энергетика министри: «Кышка даярдык жакшы, өчүрүүлөр болбойт»

13:43, 04 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Быйыл күз-кыш мезгилине даярдык жакшы болгондуктан, электр энергиясына чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 4-октябрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бир нече интернет басылмалар анын Биринчи радиого берген маегине таянып, быйылкы кышта 1-1,5 саатка ченемдик өчүрүүлөр болорун жазышкан.

«Бул болбойт. Чектөөлөргө байланыштуу маалымат каражаттарына маалымат беребиз. Эгерде биз, саат 6.00дөн 9.00гө чейин өчүрүүлөр болот десек — бул болгону чектөө гана болуп саналат. Бирок кайсыл жерде, кайсы көчөдө ашыкча жүк болоорун билбейбиз. Трансформаторлорго материалдык жактан башкы инженер жана бөлүштүрүүчү зонанын начальниги жооп берет. Андыктан аларды өрттөп жибербөө үчүн ашыкча жүктөлгөн учурда чектөөлөрдү киргизишет», — дейт Таалайбек Ибраев.

Энергетика министри бүгүнкү күндө аталган башкармалык 17,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясына келишим түзүп, тиешелүү даярдыктарды көргөнүн кошумчалады.

«Былтыркыга салыштырмалуу быйыл даярдык жакшы. Жыл өткөн сайын жакшырып баратат. Мурда тирөөчсүз, зымсыз, трансформаторсуз отурсак, быйыл Кудайга шүгүр, баары бар», — дейт Таалайбек Ибраев