Жергиликтүү шайлоолор. Шайлоо бюллетендери шайлоо участкаларында басылып чыгат

13:12, 04 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоо бюллетендери мурда болуп өткөндөй «Учкун» мамлекеттик басмаканасында борборлоштурулуп басылбайт. Маалыматты 24.kg басылмасына БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев тастыктады.

Анын айтымында, шайлоо участкаларында бюллетендер басылып чыгат.

«Биз атайын принтерлерди сатып алабыз. Ал эми шайлоочу биометрикалык идентификациядан өткөндөн кийин принтер бюллетенди басып чыгарат», — деди ал.

Узарбек Жылкыбаев белгилегендей, ашыкча бюллетендер басылып же салынышы мүмкүн деп кооптонууга негиз жок.

«Эгер толтурулган болсо, автоматтык түрдө окулуучу урна кабыл албайт. Экинчиден, урнада шайлоочулардын санынан жок дегенде бир бюллетень көп болсо, добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылат. Принтер биометрикалык маалыматтар иштетилүүчү машина менен интеграциялангандыктан, ашыкча басып чыгаруу да мүмкүн эмес», — деди ал.

Эске сала кетсек, 6-сентябрда президенттин «Жергиликтүү кеңештерди таратуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы чыккан. 484 жергиликтүү кеңеш таркалууга тийиш. 249 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленген