Кыргызстандын футбол боюнча кубогу. Жеңүүчүгө 30 миң доллар ыйгарылды

12:03, 04 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Фото Кыргыз футбол биримдиги. “Мурас Юнайтед” клубу 30 миң доллар алды

Кыргызстандын футбол биримдигинин 1-вице-президенти Нурдин Букуев «Мурас Юнайтед» (Жалал-Абад) футболдук клубунун өкүлдөрүнө өлкө кубогунун жеңүүчүсү үчүн 30 миң доллардын сертификатын тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.

Жыйынга клубдун президенти Айбек Алыбаев, дарбазачылардын машыктыруучусу Акрам Акбаралиев жана спорт директору Эльдар Магизов катышты.

Айбек Алыбаевдин айтымында, акчалай сыйлык футбол клубдары үчүн кошумча түрткү болот.

Ошондой эле КФБнын аткаруу комитетинин чечими менен 2024-жылы негизги футболдук турнирлердин өз байге фондусу болоору кабарланды. Премьер-лиганын чемпиону 50 миң доллар, ал эми суперкубоктун ээси 20 миң доллар алат.

Эскерте кетсек, 15-сентябрда Жалал-Абаддын «Мурас Юнайтед» клубу финалда канттык «Абдыш-Атаны» утуп, Кыргызстандын футбол боюнча Кубогун жеңип алган.