Кыргызстан жана Италия экстрадициялоо, соттолгондорду өткөрүп берүүнү макулдашты

10:06, 04 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Италия экстрадициялоо, соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууларга кол коюшту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн Министрлер Кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Мындан тышкары бир катар документтерге кол коюлду:

— Кыргызстан менен Италиянын ортосунда экстрадициялоо жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Италия Өкмөтүнүн ортосундагы аудиовизуалдык продукцияны биргелешип чыгаруу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстан менен Италиянын Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.