Садыр Жапаров Италиянын Депутаттар палатасынын спикери менен эмнелер талкуулады?

09:29, 04 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Фото Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров Рим шаарында Италиянын Депутаттар палатасынын спикери Лоренцо Фонтана менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызмтаты билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда парламенттер аралык дипломатияны бекемдөө, ошондой эле эки тараптуу, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу темалары боюнча пикир алмашуу болду.

Спикер Лоренцо Фонтана мамлекет башчысын жылуу тосуп алып, Садыр Жапаровдун Италияга жасаган достук сапары эки өлкө ортосундагы мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө жана тереңдешине жаңы дем берерин баса белгиледи.

Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун бизнес өкүлдөрү менен боло турган жолугушуусу өз ара пайдалуу жана кызыктуу болоруна ишенимин билдирди. Лоренцо Фонтана италиялык ишкерлер жигердүү инвестиция салып, эл аралык рыноктордо иштөөнү артык көрөрүн айта кетти.

Ошону менен бирге спикер Лоренцо Фонтана кыргыз тарапка «Италия — Борбор Азия» форматындагы диалог аянтчасына активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын президенти өз кезегинде бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы парламенттер аралык диалогду алга жылдырууга олуттуу өбөлгө болорун белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстандын саясий жетекчилиги Италия менен эки тараптуу мамилелердин бүтүндөй комплексин өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.

Ал 2020-жылы дал ушул максатта Италияда Кыргызстандын элчилигин ачуу тууралуу чечим кабыл алынганын, ал бүгүн эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үстүндө иштеп жатканын эске салды.

Бул контекстте Садыр Жапаров кыргыз тараптын Италия Кыргызстанды жакшы таанып-билүүсүн жана географиялык алыстыгына карабастан, Кыргызстан Италияга жакын болушун каалап, ошого умтуларын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Борбор Азия регионунда парламенттик башкаруу формасында тажрыйбасы бар жалгыз өлкө экенин айта кетти.

«Азыркы парламенттик демократия элдик курултайлардан башат алып жатат деп эсептейм жана ушул күнгө чейин бул кылымдык салтты ийгиликтүү улантып келе жатабыз. Өз кезегинде, Италияда да парламентаризмдин эзелки салттары бар. Биз Италия менен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө умтулабыз», — деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Тараптар жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн жана элдин гүлдөп-өнүгүшү үчүн парламенттер аралык, ошондой эле мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн жакшы негиз болооруна ишеним билдиришти.