16:12
USD 86.80
EUR 91.40
RUB 0.83

Кыргызстанда «Климат жумалыгы» өтөт

Кыргызстанда 7-октябрдан 11-октябрга чейин «Климат жумалыгы» өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Азербайжандын Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына карата уюштурулууда.

«Климат жумалыгынын негизги максаты — Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, глобалдык температуранын жогорулашын басаңдатуу жана орун алган кесепеттерге ыңгайлашуу аракеттерине көңүл буруу», — деп билдирди Жаратылыш ресурстар министрлиги.

Жумалыкка илимдин, жарандык коомдун, жеке сектордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн бардык өкүлдөрү катышат. Жаратылыш ресурстары министрлиги мамлекеттик жана коомдук уюмдарды климаттык чакырыктар боюнча маалымдуулукту жогорулатууга жана адамдардын жүрүм-турумундагы позитивдүү өзгөрүүлөргө көмөктөшүүгө багытталган форумдар, иш-чаралар жана көргөзмөлөр аркылуу Климат жумалыгын колдоого чакырат.

Ведомстводон белгилегендей, «Климат жумалыгы» министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун тапшырмасынын алкагында өтүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар