Кыргызстан өз милдеттенмелерин аткарып, санкцияланган товарларды өткөрбөйт

16:07, 03 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан санкцияланган товарларды өз аймагына киргизбөө боюнча эл аралык өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин аткарат. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

«Биздин милдеттерибиз бар, анын алкагында иштейбиз. Бул товарлар бизге эч качан жеткен эмес жана биздин аймагыбыз аркылуу өткөн эмес», — деди ал.

Аткаминер ошондой эле көзөмөлдү күчөтүү жана соода агымынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында республикада аталган эл аралык милдеттенмелерди аткарууга салым кошо турган соода компаниясы түзүлгөнүн түшүндүрдү.

Кошумчалай кетсек, ушул эле брифингде Данияр Амангелдиев чет элдик компаниялар кантип катталаарын айтып берди. Эске сала кетсек, министрлер кабинети 23-августта товарлары өлкөгө кирбей калган кыргызстандык ишканалардын соода агымын көзөмөлдөө үчүн соода компаниясын түзгөн.