Билим берүү министри Аксы районундагы авариялык абалдагы мектептерди текшерди

15:26, 03 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Аксы районундагы авариялык абалдагы эки мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сары-Кашка айылындагы № 65 мектеп 2003-жылы ашар жолу менен стандартка жооп бербестен курулган. Эски имарат кошумча имарат катары капиталдык ремонттон өтүп, ошол эле жылы пайдаланууга берилген. Мектепте 426 окуучу билим алып, 39 мугалим эмгектенет.

2022-жылы кырсыктарды болтурбоо, материалдык чыгымдарды жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында ӨКМдин No Ж-22 корутундусунун негизинде билим берүү тармагындагы талаптарга ылайык жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынган. Объект 2025-жылга карата сметага киргизилген.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы. Догдуркүл Кендирбаева авариялык абалдагы эки мектептин абалы менен таанышты
Торук айылындагы № 33 орто мектептин имараты эки корпустан турат. Биринчиси Ульянов атындагы колхоз тарабынан 1990-жылы бала бакча үчүн курулган. Анын абалы канааттандырарлык. Экинчиси ашар ыкмасы менен 2002-жылы жергиликтүү тургундар тарабынан курулган.

2021-жылдын 9-февралында Аксы районунун жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан экинчи окуу корпусунда окуу процессин токтотуу боюнча акт түзүлгөн. Бул да сметага киргизилген. Учурда мектепте 438 окуучу билим алып, 34 мугалим жана 11 техникалык кызматкер эмгектенет.

«Министр мектеп жетекчилерин жана акимди окуу имараттарынын абалына көңүл буруп, алардын сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр, жаңы милдеттер жана анын сапатын жогорулатуу тууралуу айтып берди», — деп айтылат маалыматта.