13:39, 03 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Улуттук онкология жана гематология борборунун онколог-маммологдору 5-октябрда акысыз кабыл алууларды өткөрүшөт. Бул тууралуу 24.kg басылмасына «Мен кереметтерге ишенем» коомдук фонду билдирди.
Бейтаптар саат 10.00дөн баштап Ак-Ордо конушу, Тунук көчөсү, 10а дареги боюнча кабыл алынат.
«Эмчек безинин рагы — өз убагында чара көрүү өлүм өкүмү эмес. Кыргызстанда аялдар күн сайын ушундай коркунучка туш болушат. Өтө кеч болгуча күтө бербе. Үзгүлтүксүз текшерүү — бул сиздин өмүрүңүздү сактап калуу мүмкүнчүлүгү», — деп белгилейт фонд.