Токтогулда суунун көлөмү 13 млрд куб метрди түздү

13:08, 03 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 3-сентябрга карата 13,035 метр кубга жеткенин «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Ага ылайык, бүгүнкү күнү суу чөйчөккө секундасына 381 метр куб суу агып кирсе, иштелген суунун көлөмү секундасына 354 метр кубду түзүп жатат.

Эки ай мурун, 2-августта суу сактагычта 11,9 млрд метр куб суу болгон.