Жогорку Кеңеште Кыргыз-Түрк «Манас» университетин текшерүү керектиги айтылды

11:14, 03 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранды.

Анын айтымында, ал жерде мыйзамдар бузулуп жатат. Бирок кантип, кандайча экендигин депутат так айткан жок.

Ал парламент төрагасына кайрылып, Билим берүү министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги бул маселени карап көрүүнү суранды.