Ошто УКМК кызматкерине 20 миң доллар пара берүүгө аракеттенген чиновник кармалды

18:05, 02 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Ош облусунда УКМК кызматкерине 20 миң доллар пара берүүгө аракет кылган аткаминер кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз борборунан билдиришти.

УКМК басма сөз кызматы

 Маалыматка ылайык, Савай айыл аймагынын азыркы жетекчиси К.М.К. буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жаңы-Арык айылынын аймагындагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер участокторун жасалма адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган.

Мындан улам аталган жетекчи кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.