Бала кылмыш кылса да «Баатыр эне» орденин берүү сунушталды

13:31, 02 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо көп балалуу аялдарга баласы кылмыш кылса да «Баатыр эне» наамын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү эне баласын кылмышкер кылып төрөбөйт жана кылмышкер кылып чоңойтпой турганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө балдар тарабынан жасалган майда кылмыштар үчүн да аял «Баатыр эне» орденин ала албай жатат», — дейт Мирлан Самыйкожо.

Эмгек министрлигинин башчысы Жылдыз Полотова наамдарды ыйгаруу атайын комиссияда каралып, пенсия менен жөлөк пулду Социалдык фонд төлөп жатканын жооп берди.

«Сиз буга чейин да наам маселесин көтөрдүңүз, балага кылмыш иши козголсо, эненин күнөөсү жок деп айттыңыз. Сиздин сунушуңуз боюнча документ иштеп жатабыз», — деди Жылдыз Полотова.

Мирлан Самыйкожо анын бул боюнча суроосуна президенттик апараттан " эгерде аял же анын баласы оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаса, «Баатыр эне» ордени берилбейт"- деген жооп келгендигин кошумчалады.