Жогорку Кеңеште жаңы депутат Алтынбек Кылычбаев ант берди

10:45, 02 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Алтынбек Кылычбаев ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Ал № 13 Сузак шайлоо округу боюнча шайланып, экс-депутат Тазабек Икрамовдун бош мандатын алган.

Фото ЖК жыйынынан. Жаңы депутат Алтынбек Кылычбаев

Алтынбек Кылычбаев 47 жашта. БШКнын сайтында ал Жалал-Абад санаториясынын директорунун орун басары болгон деп жазылган. Ал 2015-жылы «Республика Ата Журт» партиясынан депутаттыкка ат салышканы ачык булактардан белгилүү. Ал талапкерлердин тизмесинде экинчи болгон.

Белгилей кетсек, 22-сентябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн. Аталган округдан шайланган эл депутаты Тазабек Икрамов өз ыктыяры менен мандатын тапшыргандан кийин мандат бош калган.