Аида Исмаилова дипломатиялык ишмердүүлүгүнө карата айтылган сындарга жооп берди

09:54, 02 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова парламент депутаттарынын сынына жооп берди. Ал видеого тартып, социалдык тармактарына жарыялаган.

Ал акыркы мезгилде кыргыз-кореялык соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, ал ар дайым потенциалдуу инвесторлордун түздөн-түз КР тиешелүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү принцибин жетекчиликке алат.

«Элчиликтин жардамы менен кореялык компаниялар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен түз иштешип, ийгиликтерге жетишүүдө. Бул жагдай, атап айтканда, Кыргызстандын Корея Республикасындагы мурдагы ардактуу консулу болгон, чет өлкөлүк жаран болгон адамдардын тобунун ишмердүүлүгүн кыйындатат. Бул адамдар Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө кореялык компанияларга ортомчулук кызмат көрсөтүү менен алектенишкенин, бирок алар муну жалаң жеке пайда алуу максатында жасап жатканын белгилейм. Коомчулукта терс пикир жаратуу максатында менин ишмердүүлүгүмдү жана элчиликти каралоо жана жалган маалымат таратуу кампаниясын жараткан бул иш-аракетти токтоттум», — деди Аида Исмаилова.

Ал «менин ишмердигиме карата кара пиар жасагандар мыйзам алдында сөзсүз жооп берет» деген үмүтүн билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилованын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн убактылуу комиссия түзүү чечимин кабыл алышкан. Эл депутаты Кубанычбек Самаков акыркы күндөрү анын иши массалык маалымат каражаттарында кызуу талкууланып жатканын белгиледи.

«Биз адистештирилген комитет катары депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап жатабыз. Ага атайын кызматтардын өкүлдөрүн кошууну сунуштап жатабыз, анткени Түштүк Кореядан биздин көптөгөн жарандар жана өлкөбүзгө инвестиция тартууну каалагандар келишет. Аида Исмаилованын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча комиссия түзүү маселесин палатага алып чыгууну сунуштайм», — деди ал.