Түрк инвестору Кадамжайда мунай казып баштады

18:45, 01 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кадамжай районунда «Түндүк Сох» жер астындагы газ сактоочу жайга жакын жерде түркиялык инвестор мунай казып баштады. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, инвестиция 90 миллион долларды түздү. Ал жерде күн сайын 500 тонна кара алтын өндүрүлөт. Октябрдын аягы — ноябрдын башында нефтини кайра иштетүүчү жана бензин чыгаруучу завод ачылат.

Таалайбек Ибраев инвестор менен ушул эле аймакта жаратылыш газын өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.