17:17, 01 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2025-жылы Бишкектин кайсы конуштарын газдаштыруу пландалып жатканын айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, «Газпром Кыргызстан» ААКсы Эне-Сай конуштарын, Арча-Бешик жана Селекциянын бир бөлүгүн газдаштыруу долбоорлорун иштеп жатат.
Министр 2024-жылы Арча-Бешиктин бир бөлүгү, Бакай-Ата, Төкөлдөш жана Новопавловка айылы газдаштырыларын билдирди. Ошондой эле алар Ак-Босого конушунда газ менен камсыз болушат.
Министрдин айтымында, «Газпром Кыргызстан» бул үчүн 2024-жылга 1 млрд сом бөлүп берген.