16:17, 01 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Нидерландиянын мурдагы премьер-министри Марк Рютте 1-октябрдан тарта НАТОнун баш катчысы кызматына киришти. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты.
Расмий тапшыруу аземи альянстын Брюсселдеги штаб-квартирасында өтүп, анда НАТОнун кызматтан кетип жаткан башкатчысы Йенс Столтенберг Марк Рюттеге символикалык балканы сунду.
2023-жылы июлда Нидерланддын премьер-министрлигинен кеткен жана саясий карьерасынан кеткенин жарыялаган Марк Рютте күтүүсүздөн октябрда НАТОнун баш катчысы кызматына ат салышууну чечти.
Нидерландиянын премьер-министри катары 13 жылдан ашык убакытта ал көптөгөн европалык лидерлердин колдоосуна ээ болуп, АКШнын президенти Жо Байдендин жактыруусуна ээ болгон.
Марк Рютте өзүнүн жаңы кызматында НАТОнун 32 өлкөсүн бириктирип, татаал милдеттерди, анын ичинде уланып жаткан чыр-чатактардын фонунда альянсты бекемдөө менен күрөшүүгө туура келет.
Анын компромисстерди табуу жөндөмү, топтолгон тажрыйбасы жана антикризистик менеджер катары аброю татаал маселелерди чечүүгө жана НАТО мамлекеттеринин ортосунда консенсус табууга жардам берет дешет эксперттер.