USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Коргоо министрлиги Кыргызстандын 4 облусунда аскердик лицей ачууну пландап жатат

17:04, 30 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Коргоо министрлиги Кыргызстандын төрт облусунда аскердик лицей ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында аталган ведомствонун башчысы Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине 125 орун бош болгонуна карабай 850 бүтүрүүчү тапшырган.

Алдын ала лицейлер келерки жылы Нарын, Сүлүктү, Каракол шаарларында жана Баткен районунун Марказ айылында ачылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18