Жалал-Абад облусунда жер титиреди

16:52, 30 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн саат 15:25те Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жетиген, Чалдыбар айылдарында 2,5 баллга (Жетиген айылынан 8 чакырым түштүктө, Чалдыбар айылынан 9 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.