Акылбек Жапаров Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

15:29, 30 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-октябрда Ереванга (Армения) иш сапары менен барат.

Сапардын алкагында ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары катышат.

Күн тартибинде 20дан ашык маселе бар.

Орус өкмөтүнүн айтымында, ички рыноктун иштешине, өнөр жай, транспорт, бажы-тариф, айыл чарба жана энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Өкмөт башчылары ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 2030-жылга чейин өнөр жай кооперациясынын негизги багыттарын карашат.