Президент айдоочу күбөлүктөрдүн сатылышы боюнча пикирин билдирди

10:41, 30 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Президент «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоевдин камакка алынышы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Маекти толугу менен төмөндө беребиз:

— Саламатсызбы, жакында эле «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рустам Жокоев жана анын он чакты кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Сиз буга чейинки маектериңизде мындан ары айдоочулук күбөлүктү сатып алууга мүмкүн болбой турганын, райондордо Союз маалындагыдай атайын унаа башкарууга үйрөтө турган мектептер ачыларын айттыңыз эле. Ушул маселе боюнча сиздин пикирди уксак?

— Ооба, туура айтасыз, айдоочулук күбөлүктөр сатылбасын деп президент болгон күндөн баштап эле айтып келем.

2020-жылга чейин 15-20 миң сомго сатылып келгенин баарыңар жакшы эле билесиңер да. Кызматка жаңы келгенимде, бул тармакты ким тартипке салат деп сураштырып жүрүп, Рустам Жокоев деген жигитти койдум эле.

Башында жакшы эле иштеп келди. Тартип орноп, айдоочулук күбөлүктү оңой менен ала албай калганыңарды сездиңер да.

Мен ого бетер күчөтөлү деп, ал жигитти чакырып: "Сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот, өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын«,- деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турчумун.

Дароо айта кетейин: менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз.

Эмне үчүн материалдык жардам десеңер, алар өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам. Алардын арасында кечээ камалган «Унаанын» жетекчиси да бар эле.

Балким, бул жигитти жөн эле камап атышкан жокпу деп, баарын өзүм да териштирип көрдүм.

Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды.

40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр.

Албетте, 100 пайыз күбөлүк сатылган эмес. 90 пайыз адам сынакты тапшырып эле алышкан.

Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек. Азыркы убакта 30 жылдан бери айдоочулук күбөлүк сатып алгандар жашап жатабыз.

 Авариялардан жылына Кыргызстанда жүздөгөн адамдар каза болууда. Мисалы, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болду. Согушта да мындай болбойт!

Он миңден ашык адам жабыркаган. Анын бир нече миңи майып болуп калды.

Аларды өкмөт жөлөк пул берип багып жатат. Эгер мындан ары деле айдоочулук күбөлүк сатыла берсе, анда бул сандар өсө берет.

Ошондуктан айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотушубуз керек.

Мына ошондо да 50-60 жылдан кийин араң күбөлүк сатып алгандардан тазаланабыз.

2020-жылы күбөлүк сатып алган уул-кыздарыбыз бүгүн араң 24тө. 50-60 жылдан кийин 74-84кө чыгат, туурабы?

Эгер азыр токтотпосок, 100 жылдан кийин да күбөлүк сатып алып, машина айдап жүргөндөрдөн тазалана албайбыз.

Ошондуктан учурдан пайдаланып, бүткүл кыргызстандыктарга, айрыкча жаштарыбызга кайрылып кетет элем. Айдоочулук күбөлүктү сатып алам деген ойдон кайтыңыздарчы. Эрежелерди жаттап алыш оорчулук жаратабы?

Жөн гана моюн жар бербегендик деп ойлойм. Жаттап, баарын билип алсаңар, өзүңөргө жакшы эмеспи.

Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болсо да, эркин айдап жүрөсүңөр да.

Эми «Унаага» жаңы жетекчи дайындайбыз. Ага деле жогоруда айтканымдай тапшырма жана талаптар коюлат.

40 районго автомектептерди ачкыла деп тапшырма коюп жатам. Ал да пендечилик, ач көздүк кылып кетсе, ал дагы камалат.

Биз эч кимди аябайбыз. Бизге мамлекеттин келечеги керек.

Таза мамлекетти куруп кетишибиз керек. Ушул жерден унаанын кызматкерлерине бир суроом бар да.

Силер, күбөлүк сатып аткан адамдар, келечекте силердин өзүңөрдүн эле жакындарыңарды, небере-чөбөрөлөрүңөрдү кокус бир жерден кагып кетип, зыянга учуратпайт деп кепилдик бере аласыңарбы?

Албетте, жок.

Ошондуктан бир күндүк тыйынга кызыкпай, келечектеги урпактарыңарды да ойлой жүргүлө.

Маектешкен Кыргыз Улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев