Бишкекте Түштүк-Чыгыш Азиядан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

17:28, 27 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

 Мекендештерин уурдап, акча талап кылган чет элдик жарандардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

 «Бир топ адам уурдоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Түштүк-Чыгыш Азиядан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар 25-сентябрда Бишкекте кылмышкерлер чет элдик жаранды барымтага алып, күч колдонуп коркутуу менен андан ири суммадагы акча талап кылышкан.

 

Фото УКМК басма сөз кызматы. Кармалган чет элдиктер

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.