Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары үч күнгө жабылат

16:30, 27 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен «Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн» майрамдоого байланыштуу «Торугарт-автодорожный» жана «Эркечтам-автодорожный» өткөрүү пункттары 1-октябрдан 3-октябрга чейин убактылуу жабылат.

Белгилей кетсек, адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 4-октябрдан тарта жанданат