«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы 2023-жылы 28 миллион сом киреше тапкан

13:17, 27 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын 2023-жылдагы кирешеси 28 миллион сомду түздү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын жыйынында билдирди.

Ал «Кыргызфармация» буга чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу сатып алынган дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүп, 200-600 пайызга арзан алып келерин айтты.

«Мисалы, «Аторвастатин» дарысын мурда тендер аркылуу 17 сомдон сатып алса, азыр «Кыргызфармация» 1,33 сомдон алып келүүдө. «Цефтриаксон» 220 сомдон сатылып алынса, мамлекеттик ишкана 52,74 сомдон сатып алууда», — деди чиновник.

Ал ошондой эле өткөн жылы министрлик тендер аркылуу 20 флюорографтын ар бирин 10 млн сомго сатып алмакчы болгонун, бирок «Кыргызфармация» аларды чыгаруучудан 6 млн сомго сатып алганын, үнөмдөлгөн акчага үстүнө дагы 11 аппарат сатып алганын белгиледи.